Новопавловкада 16 жаштагы баланы сабоого шектелгендер кармалышты (видео)
Бишкектин Новопавловка айылында 16 жаштагы өспүрүмдүн сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуянын жагдайларын тактоо үчүн 16 жаштагы жабырлануучу жана 16, 17 жаштагы өспүрүмдөр милицияга жеткирилген. Жабыркаган өспүрүмдүн атасы окуяга тиешеси бар адамдарга чара көрүү үчүн арыз менен кайрылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда балдар бир өспүрүм баланы аёосуз сабап жатканы тартылган видео тараган.
Новопавловкада өспүрүмдөр катышкан окуя боюнча кылмыш иши козголду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:24
2026-10-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















