БУУнун баш катчысы Европадагы башаламандыктарга баа берди
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Европада нааразычылык акциялары учурунда болуп жаткан зомбулук жана башаламандыктарды кабыл алынгыс деп атап, мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тартууга чакырды.
Ал БУУнун штаб-квартирасында чет элдик журналисттерге билдиргендей, Европада жана андан тышкары аймактарда жашоо наркынын өсүшүнө нааразы болгон көптөгөн адамдар көчөгө чыгууда.
Гутерриш тынчтык митингдерине катышкандардын нааразычылыгына негиз болгон себептер бар экенин белгилеп, аларды эске алуу жана көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгын айтты.
Маалыматка ылайык, Францияда нааразычылык акциялары сентябрдын ортосунда башталган. Алгач Париждин четиндеги аймактарда мектептердин абалын жакшыртууну талап кылган жогорку класстын окуучулары көчөгө чыгышкан. Кийинчерээк акцияларга өлкөдөгү баалардын өсүшүнө нааразы болгондор кошулуп, нааразылык чаралары башка аймактарга да жайылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















