Садыр Жапаров шахматты өнүктүрүү боюнча улуттук программаны бекитти
Президент Садыр Жапаров 2026–2030-жылдарга Кыргызстанда шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча улуттук программаны бекитүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.
Жарлыктын максаты – өлкөдө шахматты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, калктын бардык катмарлары арасында шахмат менен машыгууну жайылтуу, спорттук резервди даярдоо жана кыргыз шахматчыларынын эл аралык аренадагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.
Документ менен улуттук программа, аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы, анын бюджети, ошондой эле программанын аткарылышын көзөмөлдөө жана баалоо индикаторлору бекитилди.
Эске салсак, 2026-жылдын 3-июнундагы президенттин жарлыгы менен шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















