Өзбекстанда алфавитке өзгөртүүлөр киргизилет
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев латын графикасындагы өзбек алфавитин өркүндөтүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, жаңы мыйзам жарыяланган күндөн алты ай өткөн соң күчүнө кирет.
"Ага ылайык, алфавиттеги айрым тамгалар өзгөртүлүп, буга чейин 26 алфавит болсо, эми 28 алфавит жана бир апострофтон турат. Ага ылайык, окуу китептери жана жол көрсөткүчтөр акырындык менен жаңыланат. Буга чейин берилген документтер жарактуу бойдон калат",- деп белгиленди маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















