Бишкекте автобус катышкан дагы бир жол кырсыгы катталды (видео)
Кечээ, 22-октябрда Бишкек шаарындагы Курманжан датка жана Исакеев көчөлөрүнүн кесилишинде автобус 4 унаа менен кагылышкан жол кырсыгы катталды.
Милициянын кайгуул кызматы маалымдагандай, автобустун айдоочусу аталган кесилиште солго бурулуу учурунда KIA Morning жана Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаалар менен сүзүштү. Андан соң автобустун айдоочусу рулдук башкарууну жоготуп, BYD жана Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаалар менен кагылышып токтогон.
Кырсыктын кесепетинен KIA Morning унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жеткирилди. Ошондой эле Hyundai Sonata жана BYD унааларынын айдоочулары жеңил жаракат алышты.
Учурда аталган факт боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бишкекте автобус катышкан дагы бир жол кырсыгы катталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:42
2026-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















