15 миллион сом... Баңгизат менен алектенгендер кармалышты
Түштүк-Чыгыш Азиядан Кыргызстанга баңгизат ташып келүүгө жана өлкө аймагында таратууга шектелген топтордун мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бүгүн, 23-октябрда билдирди.
Атайын кызмат алар өлкө аймагында баңгизаттарды ташуу, сактоо жана таратуу менен алектенип келишкенин белгиледи. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы наркы 15 миллион сомдон ашкан баңгизаттар (мефедрон аттуу синтетикалык баңгизат, гашиш жана марихуана) алынган. Натыйжада төрт шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:42
2026-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















