super.kg logo
  Саясат  

Президент: "Агартуу министрине сөгүш берейин дедим эле" (видео)

 

22-октябрда президент Садыр Жапаров Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушуу учурунда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевага катуу сөгүш бермекчи болгонун билдирди.

Жолугушууда тургун мурда мектептин директору болуп турганда мыйзамсыз аракеттердин курмандыгы болуп, күнөөсүз жерден соттолгонун айтты.

Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү арызданган аял мектеп директору болуп турганда мурда соттолгон күйөөсүн жумушка алганын жана Орусияда иштеп жүргөндөрдү мектептин штатына киргизип, аларга айлык эсептелгенин билдирди.

Бул окуя боюнча президент Агартуу министрлигинин ишин сынга алды. "Билим берүү министрлиги, силер санариптештирүү боюнча нөл экенсиңер. Илгеркидей кагаз менен иштейсиңер. Кайсы районго, кайсы мектепке канча китеп берилгенин билбейсиңер. Министр азыр иш сапарда жүрөт. Республикалык кеңешмеде ага катуу сөгүш берейин дедим эле. Эгерде санариптештирүү болгондо мындай мыйзам бузуулар болмок эмес",- деди Жапаров.






Президент: "Агартуу министрине сөгүш берейин дедим эле"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: