super.kg logo
  Саясат  

"Такыр эч нерсе жасабапсыңар да". Жалал-Абаддын бийлиги президенттен тил укту (видео)

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров кечээ, 22-октябрда Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушууда Жалал-Абад облустук бийлигинин ишмердүүлүгүн сынга алды.

Президент жазында келген учуру менен азыркысын салыштырып, маселе дагы деле көп экенин айтты.

"Губернатор баш болгон облустун жетекчилери, мен силерди жазында чогултуп, "көйгөйлүү маселелерди издеп жүрүп таап, аны чечкиле" дегем. Көрсө, такыр эч нерсе жасабапсыңар да. Жыл башында көйгөйлөр кандай көп болсо, дагы деле ошондой толтура экен. Азыр айтылган көйгөйлөрдүн бардыгын чогулуп туруп, анан чечкиле. Силер чечпегенде, ким чечет анан? Мына, облус башчысы, облустук ИИБнын, прокуратуранын, УКМКнын башчылары териштирсеңер эле чыгат көйгөйлөр",- деди мамлекет жетекчиси.






"Такыр эч нерсе жазабапсыңарда". Жалал-Абаддын бийлиги президенттен тил укту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: