Бишкекте үй шартында мыйзамсыз арак жасап чыгарган жер табылды (видео)
Бишкек шаарында үй шартында алкоголдук ичимдиктерди даярдаган жер аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Салык кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, аталган жай акциздик товарларды мыйзамсыз өндүрүүгө жана жүгүртүүгө бөгөт коюу боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө табылды. Аныкталган фактылар боюнча мыйзам чегинде чаралар көрүлдү.
Мамлекеттик салык кызматы акциздик товарларды өндүрүү жана жүгүртүү мыйзамдарда белгиленген талаптарды сактоо менен жүргүзүлүшү керектигин эскертет.
Бишкекте үй шартында арак жасап чыгарган жер табылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:42
2026-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















