Трамп Орусия менен Ураинаны коркутту
АКШнын президенти Дональд Трамп тынчтык келишиминин жоктугунан улам Украина менен Орусияга 200 пайыз тарифтерди киргизүүнү карап жатканын айтты. Ал мындай билдирүүнү кечээ, 23-октябрда Флорида штатынын Форт-Майерс шаарында өткөн республикачылардын шайлоо алдындагы митингинде жасады.
"Тарифтер бизге 8 согушту токтотууга жардам берди. Балким, биз бул ыкманы Украина менен Орусияга дароо колдонушубуз керек", - деген америка лидери.
Белиглей кетсек, Трамп 8 согушту токтотконун көп айтат. Ак үй Армения менен Азербайжан, Таиланд менен Камбоджа, Израил менен Иран, Израил менен ХАМАС кыймылы, Руанда менен Конго, Индия менен Пакистан, Сербия менен Косово, Египет менен Эфиопиянын ортосундагы чыр-чатактарды чечкенин билдирип келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















