super.kg logo

"Бул айымда стратегия жагында маселе жок". Садыр Жапаров агартуу министрине тапшырма берди (видео)

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров 24-октябрда Аксы районунун эли менен болгон жолугушууда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын ишмердүүлүгүнө баа берип, бирок санариптештирүүнү тездетүүнү тапшырды.

"Мына, иш сапарында жүргөн агартуу министри келип калган экен. Бул айымда билим жагында, стратегия жагында маселе жок. Болгону министрликте санариптештирүү нөл деп жатам. Ошол жагын оңдогула. Кайсы районго канча китеп жетти, канчасы таратылды, дагы канча жетпейт? Нарынга 15 миң китеп жиберсе, ошонун беш миңин таратып, калганы кампада жатат. Канча мугалим бар? Мына ошонун баарын санариптештирсеңер көрүп турат элеңер да", - деди президент.

Мамлекет башчысы 12 жылдык окууга өтүүдө Кендирбаеванын эмгеги чоң экенин белгиледи.

Эске салсак, Садыр Жапаров Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушуу учурунда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевага катуу сөгүш бермекчи болгонун айткан.







Садыр Жапаров агартуу министрине тапшырма берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: