"Нефтчи" клубу өлкө кубогун үчүнчү жолу жеңип алды
Кыргызстандын кубогун Кочкор-Атанын "Нефтчи" клубу жеңип, 70 миң доллар менен сыйланды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалымдалгандай, финалдык беттеш кечээ, 24-октябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Нефтчи" менен Жалал-Абаддын "Мурас Юнайтед" командасынын ортосунда өттү. Финалдык оюн 3:1 эсебинде аяктады.
Муну менен "Нефтчи" футбол клубу өлкөнүн кубогун үчүнчү жолу жеңип алды. Буга чейин команда 2019 жана 2021-жылдары да бул ийгиликке жеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















