Раззак Бейшекеев Дүйнө чемпиондугунда жеңилүү ызасын тартып калды (видео)
Бүгүн, 26-октябрда кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун алгачкы беттешинде жеңилүү ызасын тартып калды.
Ал грек-рим күрөшү боюнча 67 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, мелдешти 1/16 финалдан баштаган. Анын алгачкы атаандашы казакстандык балбан болду. Бейшекеев биринчи бөлүктү 2:0 эсебинде утуп, экинчи бөлүктө атаандашына жеңилип калды.
Муну менен кыргызстандык балбан алтын медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Бирок казакстандык балбан финалга чыкса, Бейшекеев жубатуучу беттештер аркылуу коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Раззак Бейшекеев Дүйнө чемпиондугунда жеңилүү ызасын тартты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:03
2026-10-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















