Кыргыздын дагы эки балбаны Дүйнө чемпиондугунда жеңилип калды (видео)
Бүгүн, 26-октябрда кыргызстандык балбандар Азат Салидинов менен Афтандил Таалайбек уулу Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун биринчи айлампасында жеңилип калышты.
Азат Салидинов грек-рим күрөшү боюнча 87 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашса, Афтандил Таалайбек уулу 63 килограммга чейинки салмак категориясында катышууда.
Муну менен балбандар алтын медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырашты. Бирок алардын атаандаштары финалга чыкса, кыргызстандыктар жубатуучу беттештер аркылуу коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк ала алышат.
Кыргызстандын эки балбаны Дүйнө чемпиондугунда жеңилип калышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















