Жашыруун камера, кулакчын... Ысык-Атада айдоочулук сынактагы мыйзамсыз аракеттер (видео)
Бүгүн, 26-октябрда Ысык-Ата районунда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн теориялык экзамен тапшырып жаткан жарандан жашыруун камера жана зымсыз кулакчындар табылды. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордон билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган жаран теориялык экзаменден өтүү үчүн ортомчуга 100 миң сом берген.
"Аталган факты боюнча тиешелүү акт түзүлүп, табылган техникалык каражаттар жана материалдар укуктук баа берүү үчүн ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди", - деп белгиленет маалыматта.
Жашыруун камера, кулакчындар... Ысык-Атада экзаменде мыйзам бузуулар аныкталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















