Бишкектин айрым аймактарында суу 17 саатка өчүрүлөт
28-октябрда саат 09:00дөн 29-октябрда саат 02:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:
- Тунгуч кичи району;
- Рухий-Мурас конушу;
- 44 гектар конушу;
- Кырман конушу;
- ЖЭБдин аймагы.
"Суу “Сельский” суу топтомосундагы II көтөрүмдүн насостук станциясын реконструкциялоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт", - деп белгиленет маалыматта.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















