Асманга учкан Элдар... Парапланисттер жигиттин кыялын орундатты (видео)
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү Элдар үчүн Лейлекке чейин барган парапланисттер, анын көптөн берки кыялын орундатышты. Бул тууралуу ал 26-октябрда социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады.
Элдар видеосун "Мен үчүн Лейлекке келген парапланисттер" деп атап, өзгөчө эмоциясын бөлүшкөн. Парапланисттер Элдардын досун да асманга учуруп келишти.
Белгилей кетсек, Элдар мототехникага кызыгып, атайын ылайыкташтырылган квадроцикл жана питбайк менен Кыргызстандын тоолорун кыдырып, саякаттарын социалдык тармактарга жарыялап келет. Ага атасы ар дайым көмөкчү.
Майыптыгы бар Элдарды парапланисттер кубантты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















