Жети-Өгүз районунда буга чейин кездешпеген ири көлөмдөгү бугу байкалды (видео)
Жон-Булак айылынын тургуну мал кайтарып жүргөн учурда көлөмү жылкы менен барабар бугуну көрүп, видеого тартып алган. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.
"Буга чейин бугу-маралдар Ысык-Көл облусунун Түп жана Ак-Суу райондорунун аймактарында гана катталган. Ал эми Жети-Өгүз районунда бугу буга чейин кездешкен эмес. Бугунун табигый шартта өз алдынча келип кездешүүсү жапайы жаныбарлардын табигый миграциясына байланыштуу болушу мүмкүн.
Бул көрүнүш бугу-маралдардын таралуу аймагы кеңейип жатканынан кабар берет. Бугунун жаңы аймакта байкалышы жапайы жаныбарлардын таралышын жана алардын жашоо чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөрдү изилдөө үчүн маанилүү маалымат болуп саналат", - деп билдиришти мекемеден.
Жети-Өгүздө ири көлөмдөгү бугу байкалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















