Таиландда оюн талаасында футболчуга шашылыш жүрөк реанимациясы жасалды (видео)
25-октябрда Таиландда футболдук беттеш кайгылуу окуя менен коштолду. Анда футболчу Васусивакит Пхусирит оюн учурунда атаандашынын чыканагынан бетине сокку жеп, эс-учун жоготту.
Чет элдик бсылмалар билдиргендей, окуядан кийин футболчунун денеси тырышып, медициналык кызматкерлер талаанын өзүндө жүрөк-өпкө реанимациясын жасашты. Башкы калыс оюнду дароо токтотпой, беттеш дагы бир мүнөткө жакын уланган. Футболчу ооруканага жеткирилип, учурда абалы туруктуу экени кабарланды.
Таиландда футболчу бетке сокку жегенден кийин эс-учун жоготту
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















