Кыргызстанга алма алып кирүүгө убактылуу тыюу салынды
Жергиликтүү багбандарды колдоо максатында Кыргызстанга алма ташып келүүгө 2027-жылдын 1-февралына чейин убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
"2026-жылдын январь-август айларында Кыргызстанга 6 миң 438 тонна алма импорттолгон. Бул 2025-жылдагы жылдык импорттун көлөмүнөн 2,18 эсе көп. Ошол эле мезгилде алманын экспорту 10 миң 779 тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 13,3 пайызга азайды",- деп белгиленет маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















