Кыргыз акыны Алтынай Темирова Италиянын эл аралык сыйлыгына ээ болду
Кыргыз акыны Алтынай Темирова "Бийчи жамгыр" поэзия жыйнагы үчүн "Eccellenza Internazionale" эл аралык сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, сыйлык Италиянын Бари шаарында жайгашкан Л.А. Сенека атындагы Өнөр жана философиялык илимдер академиясы тарабынан заманбап адабияттагы өзгөчө жетишкендиктери жана жогорку чыгармачылык чеберчилиги үчүн ыйгарылат.
"Акын бул сыйлыкка көркөм жана адабий баалуулугу жогору "Бийчи жамгыр" чыгармалар жыйнагы үчүн ээ болду. "Eccellenza Internazionale" сыйлыгы эл аралык деңгээлде гуманисттик баалуулуктарды жайылтууга, маданиятты өнүктүрүүгө жана заманбап адабияттагы таланттарды колдоого багытталган. Кыргыз акынынын чыгармачылыгынын мындай абройлуу эл аралык сынакта жогору бааланышы улуттук адабияттын жетишкендиги жана кыргыз поэзиясынын эл аралык маданий мейкиндиктеги ордун бекемдөөгө кошулган салым болуп саналат",- деп кошумчалады мекеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:43
2026-10-26
8:52
2026-10-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















