Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунда 28 тоннель казылууда (видео)
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун өлкө аймагындагы бардык тилкесинде жумуштар кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, курула турган 29 тоннелдин 28инде курулуш иштери жүрүүдө. Ал эми бир тоннель толугу менен казылып бүттү. Ошондой эле 50 көпүрөнүн 47синде курулуш иштери жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 2024-жылдын 27-декабрында башталган.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунда 28 тоннель казылууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















