Марлен Маматалиев япониялык инвесторлорду Кыргызстанга чакырды
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Японияга расмий сапарынын алкагында ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жолугушууда япон ишкерлери Кыргызстанда өндүрүлгөн сурьма менен кремнийди сатып алууга кызыкдар экенин билдиришти. Ошондой эле тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана "JK II" компаниясы менен меморандумга кол коюу жараянын тездетүү маселеси каралды.
Мындан тышкары, спикер логистикалык борборлорду, "кургак портторду" курууга, энергетика, IT жана агроөнөр жай тармактарындагы долбоорлорго катышууга чакырды. Ошондой эле Кыргызстанда Toyota компаниясынын расмий борборун ачуу сунушун киргизди.
Жолугушууга эл өкүлдөрү Талайбек Масабиров, Айсаракан Абдибаева, Ырысбек Атажанов, Умбеталы Кыдыралиев, Айгүл Карабекова, Венера Салямова, Карим Ханджеза, Бекмырза Чолпонбай уулу жана Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев катышканы маалыматта кошумчаланды.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















