Таласта чет өлкөлүк жаран каза болду
Таласта чет өлкөлүк жаран каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда облустук милиция кабарлады.
Маалым болгондой, каргашалуу окуя 23-октябрда Талас шаарындагы "Баластан" балдар оюн-зоок борборунда болгон. Анда ошол жерде иштеп жаткан 2003-жылы туулган чет өлкөлүк жаран электр тогуна урунуп каза болду.
Жаралган жагдай боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















