Чүйдөгү жатак мектепте мыйзам бузуулар аныкталды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү.
Министрдин орун басары Аида Исатбек кызынын жетекчилиги астында өткөн жыйынга Чүй облусунун прокуратурасынын, Агартуу жана Саламаттык сактоо министрликтеринин, ошондой эле президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында акыйкатчынын балдарга кам көрүү кызматтарын көрсөткөн мекемелердеги укуктардын сакталышы боюнча мониторингинин жыйынтыктары жана Чүй районундагы жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн жатак мектепте аныкталган мыйзам бузуулар талкууланды.
Комиссиянын мүчөлөрү аныкталган мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюу, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча сунуштарды беришти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















