super.kg logo

Кинодогудай... Баткенде антитеррордук машыгуулар өттү

 

Бүгүн, 27-октябрда Баткен облусунун Кадамжай шаарында “Баткен-Антитеррор-2026” аталышындагы антитеррордук машыгуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, машыгуулардын алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча аракеттер иштелип чыкты.

Ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, стратегиялык объекттердин корголуу деңгээлин текшерүү жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн баалоо максаттары коюлду.

Машыгууларга УКМКнын Баткен облустук башкармалыгынын кызматкерлери, Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы жана Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык кызматкерлери катышты.

Машыгуулардын жыйынтыгында күч түзүмдөрүнүн жана тиешелүү мамлекеттик органдардын террордук коркунуч жаралган учурдагы даярдыгын жана өз ара аракеттенүүсүнүн шайкештигин текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: