super.kg logo

Бишкек абасы кир шаарлардын үчтүгүнө кирди

 

Бишкек дүйнөдөгү абасы зыяндуу делген шаарлардын рейтингинде үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу дүйнөдөгү абасы кир жана таза шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун сайтында жарыяланды.

Аталган уюмдун 27-октябрда чыгарган маалыматына ылайык, учурда Бишкекте абанын сапатынын индекси (AQI) 167ни түзөт. Бул көрсөткүч абанын сапаты ден соолукка зыяндуу экенин билдирет. Рейтингде Казакстандын Алматы шаары 129 AQI көрсөткүчү менен 8-орунда, Өзбекстандын Ташкент шаары 122 көрсөткүчү менен 9-орунда турат.Абанын сапатынын индекси 6 категорияга бөлүнөт. AQI 300дөн жогору болсо, аба кооптуу деп эсептелет. Ал эми 50дөн төмөн көрсөткүч абанын сапаты жакшы экенин билдирет.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: