Депутат "Баатыр эне" орденин алуудагы кыйынчылыктар жөнүндө айтты (видео)
Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйыны болуп өттү.
Жыйында депутат Махабат Мавленова жети же андан көп бала төрөгөн энелерге берилүүчү "Баатыр эне" орденин алуу кыйынчылыктарды жаратып жатканын айтты.
"Баатыр эне" деген орденди алууга кандай документтер керектелет? Бул орденди алуу бүгүнкү күндө кыйын болуп жатат. Эненин жети бала төрөгөндүгү факт да. Бирок ала албагандар көп. Себеби аныктама көп, ал аныктамаларды чогултуп келгенче башка аныктаманын мөөнөтү бүтүп калып жатат. Кээ бир энелер кичүү баласы 30-40ка келгенче "Баатыр эне" орденин ала албай жүргөн", - деди депутат.
Эл өкүлү бул маселе боюнча өкмөткө кайрылып, "Баатыр эне" орденин алуудагы документ чогултуу иштерин азайтуусун сунуштады.
Депутат Баатыр эне орденин алуудагы кыйынчылыктар жөнүндө айтты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















