ТИМде Кытай төрагасынын сапарынын жыйынтыгы чыгарылды
Бүгүн, 27-октябрда Тышкы иштер министрлигинде Кытай Эл Республикасынын төрагасынын мамлекеттик сапарынын жана Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) төрагалыгынын жыйынтыктары талкууланды.
Коллегиянын жыйынында кыргыз-кытай мамилелерин чыңдоо, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды.
Ошондой эле Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында жетишилген жыйынтыктарга, аймактык коопсуздукту камсыз кылууга жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө көңүл бурулду.
Жыйындын соңунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана өлкөнүн тышкы саясий кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнө тапшырмалар берилди.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















