Санкциялык тобокелдиктерден улам 240тан ашык банк эсеби жабылды
Кыргызстанда санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүү үчүн өлкөнүн аймагын, банктык жана төлөм инфраструктурасын пайдаланууга жол бербөө боюнча чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу тиешелүү маалыматта айтылат.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 20-октябрына карата 52 юридикалык жак ишин токтоткон. Дагы 57 юридикалык жакка карата мажбурлап жоюу жол-жоболору жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, мамлекеттик банктар тарабынан 240тан ашык эсеп жабылган.
Ошондой эле A7 жана A7A5 менен байланышкан рыноктун айрым катышуучуларына карата чаралар көрүлүп, текшерүүлөр улантылууда. Бул көрсөткүчтөр жалпы жүргүзүлүп жаткан иштерди камтып, аталган түзүмдөр менен гана чектелбейт.
Мындан тышкары, банктык көзөмөлдү күчөтүү, виртуалдык активдер чөйрөсүндө санкциялык текшерүүлөрдү өркүндөтүү жана тобокелдүү операцияларды аныктоо боюнча кошумча механизмдер иштелип чыгууда.
Маалыматта белгиленгендей, Кыргызстан эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга, мыйзамдуу сооданы коргоого жана өлкөнүн финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылууга даяр.
Негизги максат - санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүүгө жол бербөө менен бирге, жарандардын жана ишкерлердин мыйзамдуу экономикалык ишмердүүлүгүн коргоо.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















