super.kg logo

Путин менен Пезешкиан Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашты

 

Орусиянын президенти Владимир Путин Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугуп, эки тараптуу мамилелерди жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Путин эки өлкөнүн коңшу экенин жана жалпы кызыкчылыктары көп экенин белгилеген. Ал аймактагы кырдаал оң нукта өнүгөт деген үмүтүн билдирип, Москва биргелешкен долбоорлор боюнча алган бардык милдеттенмелерин аткарып жатканын айтты.

Орусиянын президентинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын алгачкы сегиз айында эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 10,4 пайызга өскөн. Тараптар өз ара сооданы кеңейтүү менен катар гуманитардык тармакта жана энергетика жаатында кызматташууда. Атап айтканда, Ирандагы “Бушер” атомдук электр станциясынын курулушу уланууда.

Масуд Пезешкиан Москвага Газ экспорттоочу өлкөлөр форумунун саммитине катышуу үчүн барган. Иш-чарада ал АКШнын Иранга карата аракеттери энергетикалык рынокторду туруксуздаштырып жатканын белгилеп, газдын дүйнөлүк энергетикадагы ордун бекемдөө үчүн конструктивдүү кызматташтык маанилүү экенин айтты.

Ошондой эле Ирандын президенти форумдун алкагында инвестициялык демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: