Инстаграм 90 мүнөттүк жаңы мүмкүнчүлүктөрүн сынай баштады
Кечээ, 27-октябрда Instagram социалдык тармагы платформага узун, горизонталдуу видеолорду жарыялоо мүмкүнчүлүгүн сынай баштаганы айтылды . Бул тууралуу Instagram'дын расмий өкүлү Меган Бакли билдирди.
Маалыматка карганда, жаңы функция колдонуучуларга узактыгы 90 мүнөткө чейинки видеолорду жүктөгөнгө мүмкүнчүлүк берери айтылды.
Учурда жаңы формат сыноо режиминде АКШ жана Бразилиянын аз сандаган авторлору үчүн гана жеткиликтүү жана расмий түрдө бардык колдоонуучулар үчүн качан ачылары белгисиз экени маалымдалды.
Эске салсак, буга чейин Instagram'да узун горизонталдуу видео форматы бар болчу. Ал 2018-жылы YouTube тиркемеси менен атаандушуу максатында ачылган IGTV кызматы болгону белгилүү. Бирок ал күтүлгөндөй популярдуулукка ээ болгон эмес. Натыйжада, социалдык тармак 2021-жылы IGTV долбоорун жаап, негизги лентага жүктөлүүчү видео роликтин узуктыгына чектөө койгон. Эми платформа узун горизонталдуу видеого кайра кайтып жатканын билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















