Алтынбек Сулайманов: "Центерра" парламентти таркатууну сунуштоодо. Саясат кайда бара жатат?"
Жогорку Кеңештин 5-февралдагы жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов "Центерра" мамлекеттик башкарууга киришип жатканын айтып чыкты. Гезиттердин бириндеги макаланы депутаттарга көргөзгөн Сулайманов буларды айтты: "Макалада эксперттердин пикирлери жүрөт. "Центерра" айтып жатат, "президент Жогорку Кеңешти таркатышы керек" деп. Парламентти "Центерра" таркатат экен. Бул эмне деген саясат? Кайда бара жатабыз? "Кумтөр" маселесине бүгүн чекит коюшубуз керек".
Көпчүлүк депутаттардын сунушу менен маселе саат 15:00гө чейин фракциялар ортосундагы макулдашуу комиссиясында каралмай болду. Комиссияга фракция жетекчилери жана өкмөт башчы кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

