Казакстанда волейболчу кыздын башына урган машыктыруучу мелдештерден четтетилди (видео)
Казакстандын Павлодар шаарында волейбол боюнча мелдеш учурунда спортчу кыздын башына урган машыктыруучуга чара көрүлдү. Бул тууралуу Казак басылмалары жазышты.
Социалдык тармактарга тараган видеодон Шымкент шаарындагы волейбол академиясынын машыктыруучусу оюн учурунда жаңылып калган кыздын башына муштап жибергенин көрүүгө болот. Окуя 2012-2013-жылы туулган кыздар арасындагы мелдеште болгон.
Машыктыруучунун мындай аракетинен кийин өлкөнүн Улуттук волейбол федерациясы аны 2 жылга мелдештерден четтетти. Бул убакыт аралыгында ага машыктыруучулук жана педагогикалык иш менен алектенүүгө, ошондой эле федерация өткөргөн мелдештерге катышууга тыюу салынды.
Мындан тышкары, мелдештин уюштуруучуларына көзөмөлдүн начардыгы үчүн айып пул салынып, Шымкенттеги волейбол академиясына сөгүш берилди.
Казакстанда волейболчу кыздын башына урган машыктыруучу мелдештерден четтетилди
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















