Испанияда эки жүргүнчү поезди кырсыктап, 46 адам каза болду (видео)
Испанияда жүргүнчүлөрү бар эки поезд сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 46 адам каза болду.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, кырсык Мадридден Севильяга багыт алган поезд менен жогорку ылдамдыктагы поезддер компаниясынын вагондорунун ортосунда болду. Кырсыктын кесепетинен төрт вагон рельстен чыгып, темир жолдун жээгине кулады.
"Окуядан улам Мадрид - Андалусия жогорку ылдамдыктагы темир жол каттамы убактылуу токтотулду. Кырсыкка адам фактору себеп болушу мүмкүн. Сигнал берүү системиндеги мүчүлүштүктү оңдоп жаткан мамлекеттик компаниянын кызматкери AVE поездинин кызматкерлерине Iryo поезди жакындап келе жатканын эскертпей койгон болушу мүмкүн",- деп белгиленди маалыматта.
Окуя болгон жерге сегиз өрт өчүрүүчү топ жана сегиз "Тез жардам" унаасы жөнөтүлүп, куткаруучулар да тартылганы кошумчаланды.
Испанияда эки жүргүнчү поездди кырсыктап, 46 адам каза болду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















