super.kg logo

Казакстандык диний ишмер медреседе өспүрүмдөргө ыдык көрсөткөн деп айыпталууда (видео)

 

Кечээ, 27-октябрда казакстандык диний ишмер Исматулла Максумга карата "өспүрүмдөргө сексуалдык ыдык көрсөткөн" деген билдирүүдөн кийин сотко чейинки тергөө иштери башталгандыгы маалым болду. Бул тууралуу Казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, дин ишмери жабык диний билим берүү борборлорунда өспүрүм балдарга ыдык көрсөткөнүн уюмдун мурдагы тарбиялануучулары айтып беришкен. Алардын айтымында, ал эгер болгон окуяны ачыкташса түрмөгө отургузуу менен коркутуп келген.

Казакстандын Ички иштер министрлиги бул иш боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатканын маалымдады. Ошондой эле тергөө учурунда мыйзам боюнча башка маалыматтар ачыкка чыкпашы керектиги айтылды.

Айрым басылмалар Исматулла Максум 2011-жылы экстремизм, уюшкан кылмыштуу топ түзүү жана мыйзамсыз медициналык ишмердүүлүк менен алектенүү боюнча 14 жылга эркинен ажыратылганын жазышууда.






Казакстандык имам өспүрүмдөргө ыдык көрсөткө деп айыпталууда 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: