super.kg logo
  Спорт  

“Реал Мадрид” Мбаппенин билдирүүсүнөн кийин Кытай элинен кечирим сурады

 

“Реал Мадрид” футболдук клубу оюнчу Килиан Мбаппенин акыркы билдирүүлөрүнөн улам Кытай элинен расмий түрдө кечирим сурады.

Клубдун билдирүүсүндө Кытайдын тарыхына, маданиятына жана элине, ошондой эле “Реалдын” миллиондогон кытайлык күйөрмандарына терең урмат көрсөтөрү белгиленген.

Ошондой эле клуб Мбаппенин буга чейин айткан сөздөрүнө өкүнүп, Кытай элине болгон урмат-сыйын билдиргенин белгилеп, анын кечирим суроосуна кошулган.

“Реал Мадрид” мындан ары да маданияттар ортосундагы өз ара урматтоону жана түшүнүшүүнү бекемдөөгө, Кытай менен достук мамилелерин өнүктүрүүгө умтуларын билдирди.

Белгилесек, Мбаппе маектеринин биринде өзүнүн сүрөтү Мао Цзэдундун сүрөтүнө кошулган интернет-мем тууралуу мындай деген:

“Мага эң күлкүлүү көрүнгөн мем – жүзүмдү кытайлык диктатордун сүрөтүнө коюп коюшканы. Мен аны досторум менен интернетте көп колдоном”.

Маанилүүсү: ал Мао Цзэдундун атын түз айткан эмес. Бирок маектин видеосунда анын сөздөрүнөн кийин Мао Цзэдундун сүрөтү көрсөтүлгөн. Ушундан улам Кытайда сын-пикирлер жаралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: