2032-жылы өтө турчу президенттик шайлоого талапкер болууну ниеттенген жаран чыкты
Оштун Ноокат районунун мурдагы акими Данияр Шейшеканов кийинки президенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирди.
"Мен кийинки президенттик шайлоого катышам. Ошол шайлоодо утуп чыгам. Анан колдогондор да, колдоого албагандар да кубанасыңар. Натыйжалуу иштөөнүн, адилеттүү башкаруунун, таза саясий күрөштүн эң жогорку планкасын мен орнотом",- деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.
Айта кетсек, президенттик шайлоо 2027-жылы январь айында өтмөкчү. Учурда үч жаран талапкер болуу үчүн БШКга арыз жазды. Мыйзамга ылайык, утуп чыккан жаран беш жылдык мөөнөткө президенттик кызматты аркалайт. Демек, кийинки президенттик шайлоо 2032-жылы өтүп калат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















