Алыскы Алайкуунун жолдору асфальтталууда (видео)
Ош облусундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунда асфалт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 138 чакырымды түзгөн жолдун буга чейин 72 чакырымы асфальтталган. Учурда 54,4 чакырым тилкесинде курулуш иштери жүрүп жатат.
"Жолдун кооптуу тилкелерине темир-бетон тосмолору, суу жана сел өткөрүүчү түтүктөр орнотулууда. Айрым тилкелерине атайын техникаларды сактоого арналган үч ангар курулуп, пайдаланууга даяр болду",- деп белгиленет маалыматта.
Алыскы Алайкуунун жолдору асфальтталууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















