Окуу жайдын ортосун бөлүп өткөн Миңжылкиев көчөсү ачылуу алдында турат (видео)
Бишкек шаарында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ортосун бөлүп өткөн Миңжылкиев көчөсүндө курулуш иштери аяктап, ачылуу алдында турат. Мындай видеону кечээ, 28-октябрда шаардын Транспорт департаменти жарыялады.
Видеодон 2 тилкелүү жолдун Тыналиев көчөсүнөн Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгүн көрүүгө болот.
Эскерте кетсек, аталган жолдун курулуш иштери июнь айында башталган. Ал учурда бир топ жарандар жол коопсуздугуна байланыштуу көчөнүн ачылуусуна нааразычылыгын билдиришкен. Өз кезегинде шаар мэриясы бул жолду ачуу шаардагы тыгындарды азайтууга жардам берерин билдирген.
Окуу жайдын ортосун бөлүп өткөн Миңжылкиев көчөсү ачылууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















