Токаев жарыялаган "Элдик курулуш": Казакстандын инфратүзүмүнө 6,5 триллион теңге бөлүнөт
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев "Жаңы тарыхый циклдеги Казакстандын актуалдуу милдеттери" аттуу элге кайрылуусунда өлкөнүн инфратүзүмүн кеңири масштабда жаңылоо тууралуу жарыялады. Бул максаттарга Улуттук фонддон 2029-жылдын аягына чейин болжол менен 6,5 триллион теңге бөлүү пландалууда.
Казак басылмалары билдиргендей, бул сумманын 1,5 триллион теңгесин 2026-жылы жана 2027-жылдын алгачкы эки айында социалдык долбоорлорго караштыруу тапшырылды. Өкмөт бардык аймактарды камтыган инфраструктураны жаңылоо планын даярдайт.
"Кеп айрым долбоорлор жөнүндө эмес, өлкөнүн бардык аймактарында кеңири масштабдагы курулушту баштоо жөнүндө болуп жатат",- деди Токаев.
Программа "Элдик курулуш" деп аталды. Биринчи этапта саламаттык сактоонун 70ке жакын объектин, анын ичинде перинаталдык борборлорду, ооруканаларды, "Тез жардам" мекемелерин жана балдарды реабилитациялоо борборлорун куруу пландалууда. Ошондой эле билим берүү, спорт жана маданият тармактарында 50дөй объекттин курулушу башталат.
Турак жай-коммуналдык чарбага, калктуу конуштарды газдаштырууга жана ичүүчү суу менен камсыздоого да олуттуу каражат каралат. Өкмөт долбоорлордун алгачкы тизмесин 2026-жылдын аягына чейин даярдашы керек.
Токаев Улуттук фонддун каражаттары экономикалык жана социалдык натыйжа бериши керектигин белгиледи. Ал долбоорлорду ишке ашырууга керектүү техникалык базасы жана тажрыйбасы бар жергиликтүү чакан жана орто бизнести тартууну тапшырды. Курулуштун жүрүшү дыкат көзөмөлгө алынат.
Президент ошондой эле 2027-жылды "Жалпы элдик чоң курулуш жылы" деп жарыялоону сунуштады. Социалдык объекттерден тышкары жолдор, аэропорттор, вокзалдар, инженердик тармактар жана башка жарандык инфраструктура объекттери жаңыланат. Турак жай курулушу да улантылат.
Кайрылууда калктын кирешесин жогорулатууга өзүнчө көңүл бурулду. Токаев 2027-жылдын 1-январынан тартып минималдуу эмгек акыны 85 миң теңгеден 110 миң теңгеге көтөрүүнү тапшырды. Анын айтымында, бул дээрлик 1,8 миллион жарандын, анын ичинде бюджеттик тармакта иштеген 370 миңден ашуун кызматкердин кирешесин жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Ошол эле күндөн тартып алгачкы медициналык-санитардык жардамдын участкалык кызматынын адистеринин эмгек акысын үзгүлтүксүз иш стажы үчүн 40 пайызга чейин жогорулатуу тапшырылды. Бул чара 77 миңден ашуун адамды камтышы керек.
Энергетика тармагында мамлекет башчысы 2029-жылга чейин электр энергиясын өндүрүүнү керектөөдөн туруктуу түрдө ашкан деңгээлге жеткирүү милдетин койду. Бул үчүн жаңы электр станцияларын жана электр берүү линияларын куруу, иштеп жаткандарын жаңылоо зарыл.
Токаев инфраструктуралык жана экономикалык демилгелерди ишке ашырууну мамлекеттик башкаруу реформасы менен байланыштырды. Президенттин администрациясы бул системди реформалоонун комплекстүү планын 2027-жылдын 1-июнуна чейин сунушташы керектиги айтылды маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















