super.kg logo

Түрк дүйнөсүнүн кылымы: Тилектештиктен интеграцияга

 

Жалпы тарыхыбыздан калган тамыры терең мурасыбыз менен орток келечегибизди калыптандырууга болгон эркибиз түрк дүйнөсүнүн биримдигинен эң даана көрүнөт. Боордош элдерибиз кылымдар бою ар кайсы аймактарда далай сыноодон өтүштү. Ошол элдердин жүрөгүн жалгаган руханий көпүрөлөргө бүгүн Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы саясий, гуманитардык, экономикалык жана маданий тилектештигибиз бекем таянат. Тарых баарыбызга жоопкерчилик жүктөп турат: түрк дүйнөсүнүн зор дараметин жалпы максаттарга багыттап, айкын жетишкендиктер аркылуу биримдигибизди чыңдоого, кийинки муундарга мындан да кубаттуу түрк дүйнөсүн калтырууга милдеттүүбүз.

Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммитин Анкарада «Түрк кылымы: тилде, ойдо, иште биримдик» темасында өткөрөбүз. Бул жолугушууга өзгөчө маани берем, анткени анда орток эркибиз дагы да бекемделет. Саммиттен тартып кезектеги төрагалыкты боордош Азербайжандан биз өткөрүп алабыз. Мен үчүн бул кызмат түрк дүйнөсүн жалпы максаттарына жеткирүү жана Уюмубузду институционалдык жактан күчтөндүрүү жолундагы тарыхый жоопкерчиликти билдирет.

Бүгүн Түрк мамлекеттер уюмунун ишине багыт берген дем-күчтү Исмаил Гаспыралынын бизге мурас калтырган биримдик муратынан алабыз. Жалпы тарыхыбыз менен маданиятыбыздан кубат алгандыктан, Нахчыванда пайдубалы түптөлгөн Уюмубуздун таасири күн сайын өсүп жатат. Эми жасай турган ишибиз – боордоштугубузду кийинки муундарга жеткире ала турган бекем институттар менен чыңдоо. Орток эркибизди долбоорлор аркылуу узак мөөнөттүү жетишкендиктерге айлантууга да мезгил келди.

Дүйнөлүк саясаттын өңүтүн терең өзгөрүүлөр аныктап жатат. Эл аралык система адилеттүүлүк менен ишенимди орнотууда кыйынчылык тартууда, ал эми согуштар жана кризистер кеңири аймактарды камтууда. Ушундай учурда түрк мамлекеттери үчүн тилектештик стратегиялык жактан зарыл болуп калды. Эң оор сыноолордон өтүүгө да, өз келечегин аныктоого да орток эрктин айланасында бекем бириккен түрк мамлекеттеринин күчү жетет. Биримдигибизди курууда ар бир боордош өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана улуттук эркин урматтоону негиз кылып алабыз. Анын өнүгүшүнө жалпы баалуулуктарыбыз менен бирге өз ара ишеним жана кызыкчылыктар да тирек болот.

Алдыдагы мезгилде Уюмубуз өзгөчө көңүл бура турган башкы багыттардын катарында түрк дүйнөсүнүн экономикалык интеграциясы турат. Бул жолдогу тарыхый мүмкүнчүлүктү Каспий аркылуу өткөн Чыгыш–Батыш Орто коридору ачып берет. Азия менен Европанын ортосундагы соода бүгүн кайрадан калыптанууда. Ушундай шартта дүйнөлүк транспорт жана логистика тармактарынын маанилүү борборлорунун бирине түрк өлкөлөрү жайгашкан аймак айлана алат. Биз өнүктүрүп жаткан бирдиктүү тутумда темир жолдорубуз, портторубуз, автожол байланыштарыбыз жана бажы системаларыбыз бири-бирин толуктайт. Боордош өлкөлөрүбүздүн өз ара соодасын кеңейтүүгө жана жалпы бакубатчылыгыбызды арттырууга Каспийдин эки жээгин туташтырган ар бир инвестиция салым кошот.

Түрк инвестициялык фондунун мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуураак ишке салуу аркылуу ушул максатка умтулабыз. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода тоскоолдуктарын биргелешкен күч-аракет менен жоёбуз, өндүрүштө жана инвестицияда бири-бирибиздин дараметибизди арттырабыз. Жалпы максаттарга жетүү үчүн энергетикалык ресурстарыбыздан, кайра жаралуучу энергия жаатындагы дараметибизден жана байланыш инфраструктурабыздан мүмкүн болушунча жогорку натыйжа алууну камсыздайбыз. Өндүрүштөгү, соодадагы жана технологиядагы жетишкендиктерибизди чогуу көбөйтүү үчүн түрк дүйнөсүнүн бардык булуң-бурчундагы мүмкүнчүлүктөрдү бир нукка багыттайбыз.

Коопсуздук жаатында да экономикада түптөгөн тилектештигибизге мүнөздүү чечкиндүүлүк менен аракеттенип жатабыз. Бирге иш алып баруу жөндөмүбүздү өркүндөтүү үчүн терроризмге, трансулуттук кылмыштуулукка, киберкоркунучтарга жана табигый кырсыктарга каршы мүмкүнчүлүктөрүбүздү бириктиребиз. Коргонуу өнөр жайындагы биргелешкен өндүрүш кубаттуулугубуздун өсүшүн тажрыйбаларыбызды айкалыштыруу, ата мекендик жана улуттук технологияларыбызды өнүктүрүү аркылуу камсыздайбыз.

Орток цивилизацияга таандык экенибизди аңдап-сезүү биримдигибизге эң баалуу таяныч берет. Ошол бир улуу цивилизациянын географиялык чектерден ашкан байлыгы Кожо Ахмет Ясавинин хикметинен, Алишер Навоинин сөзүнөн, Низами Ганжавинин даанышмандыгынан, Махтумкули Фрагинин ыр саптарынан, Юнус Эмренин дил тилинен жана Чыңгыз Айтматовдун калеминен көрүнөт. Булардын ар бири ошол байлыктын келечегине жарык чачкан белги болуп саналат.

Орток түрк алфавити боюнча көрсөткөн эркибиз менен маданий жакындашуубузда тарыхый кадам таштадык. Билим берүү, илим, басма иши жана санариптик технологиялар жаатындагы кызматташуубузду ушул кадамды дагы да алга жылдырууга багыттайбыз. Боордош өлкөлөрдө билим алууга жаштарыбызды шыктандырып, университеттерибиз менен окумуштууларыбыздын башын бириктиребиз. Жасалма интеллект доорундагы түрк тилдеринин татыктуу ордун да камсыздайбыз. Түрк дүйнөсүнүн келечегин биргелешип калыптандыруу үчүн билимибизди, топтогон тажрыйбабызды жана мүмкүнчүлүктөрүбүздү бириктиребиз.

Тамыры терең бул цивилизация бизге кандай гана шартта болбосун боордоштугубузду сактоо жана бири-бирибиздин мыйзамдуу укуктарыбызды коргоо жоопкерчилигин жүктөйт. Кипр түрк эли – түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү. Дал ушул жоопкерчиликти сезүү менен аларга тилектештигибизди улантып келебиз. Уюмубуздагы байкоочу макам Түндүк Кипр Түрк Республикасына ачкан мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурабыз. Анын боордош өлкөлөр менен байланыштарын чыңдоо да биз үчүн чоң мааниге ээ. Чечкиндүү турумубуз өзгөрбөйт: Кипр түрктөрүн адилетсиз обочолонтуу токтотулуп, алардын эгемен теңдиги менен эл аралык тең макамы таанылышы керек.

Орток аймагыбыздагы тынчтыктын жана өз ара ишенимдин бекемделишине Түрк мамлекеттер уюмунун өсүп жаткан күчү да өбөлгө болот. Кызматташтык менен тилектештикти негиз кылып, аймактык жана дүйнөлүк туруктуулукка Уюмубуз мындан ары да салым кошо берет.

Экономикада, саясатта, маданиятта жана технологияда узак мөөнөттүү ийгиликтерге жетүү үчүн орток эркибизди айкын натыйжага айлантууга тийишпиз. Түрк мамлекеттер уюмунун алдындагы негизги милдет мына ушул. Боордош элдерибиздин бейпилдигине, бакубатчылыгына жана өнүгүшүнө конкреттүү жетишкендиктерди алып келе турган чоң максаттарыбыз ишке ашкан сайын, биздин да күчүбүз артат.

Чын жүрөктөн ишенем: XXI кылым «Түрк дүйнөсүнүн кылымы» болот. Бул максатка карай жаңы мүмкүнчүлүктөргө Анкара саммити жол ачат; анын натыйжасында Уюмубуздун эл аралык аренадагы таасири өсүп, боордош өлкөлөрүбүздүн тилектештиги дагы да чыңдалат. Бизге жүктөлгөн эң чоң милдет – кылымдар бою жүрөгүбүздө жашатып келген биримдик муратын узакка кызмат кыла турган иштер менен бийиктетип, ар тараптан кубаттуураак түрк дүйнөсүн кийинки муундарга мурас калтыруу.

Режеп Тайып Эрдоган

Түркия Республикасынын Президенти






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: