Pokémon карталары жыл башынан бери 60 пайызга кымбаттады
Pokémon коллекциялык карталары 2026-жылдын башынан бери 60 пайызга кымбаттап, кирешелүүлүгү боюнча фондулук рыноктон, биткоинден жана алтындан озду. Бул тууралуу Binance Research компаниясынын 26-октябрдагы баяндамасында айтылат.
Маалыматка ылайык, коллекциялык карталардын CardTrack 100 индекси 52 пайызга, Pokémon оюнунун заманбап карталары 21 пайызга, ал эми S&P 500 фондулук индекси 11 пайызга өскөн. Ошол эле учурда биткоин менен алтындын баасы жыл башынан бери 7 пайыздан төмөндөгөн.
Аналитиктер эски карталардын кымбатташын алардын саны чектелүү болгону жана инвесторлордун кызыгуусу арткандыгы менен түшүндүрүшөт. 2019-жылга чейин Pokémon компаниясы жылына 1,5-2 миллиард карта чыгарса, азыр бул көрсөткүч 10 миллиардга жетет. Бренддин тарыхында жалпысынан 85 миллиардга жакын карта чыгарылган. Алардын үчтөн экиси 2019-жылдан кийин өндүрүлгөн.

Эски карталардын саны көбөйбөгөндүктөн, өзгөчө сейрек кездешкен жана жакшы сакталган үлгүлөрдүн баасы жогорулап жатат.
Мындан тышкары, рынокко криптовалюта инвесторлору, инвестициялык фонддор жана санариптик платформалар да кызыга баштаган. 2026-жылдын февралында сейрек кездешкен Pokémon карталарынын бири аукциондо рекорддук 16,5 миллион долларга сатылган.
Binance Research маалыматына караганда, санариптик карталардын топтомдорун саткан эки ири платформанын комиссиялык кирешеси 2025-жылдын июнундагы 2,5 миллион доллардан 2026-жылдын июнунда 20,5 миллион долларга чейин өскөн. Бирок жай мезгилинде бул көрсөткүч болжол менен үчтөн бирине кыскарган.
Аналитиктердин белгилешинче, акыркы беш жылда коллекциялык карталардын баасы менен биткоиндин ортосундагы байланыш өтө төмөн болуп, корреляция көрсөткүчү 0,09ду түзгөн. Бирок криптовалюта инвесторлорунун кызыгуусу күчөгөн сайын бул рынок криптовалюталардын баасынын өзгөрүшүнө көбүрөөк көз каранды болуп калышы мүмкүн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















