Өзбекстанда 8 жаштагы кызга ыплас аракеттер жасалганы боюнча кылмыш иши козголду (видео)
Өзбекстандын Бухара облусунда 8 жаштагы кызга карата ыплас аракеттерди жасаган адамга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 23-октябрда болгон. Учурда тергөө иштери жүрүп, жабырлануучуга психологиялык жардам көрсөтүлүүдө.
Белгилей кетсек, Өзбекстанда балдарга карата сексуалдык зомбулук үчүн жазаны күчөтүү демилгеси Наманган облусундагы бала бакчада 5 жаштагы кызга зомбулук көрсөтүлгөн окуядан кийин көтөрүлгөн. 14-октябрда балдарды зомбулуктан коргоого багытталган мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 14 жашка толо элек балдарга карата сексуалдык зомбулук үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Өзбекстанда 8 жаштагы кызга карата ыплас аракеттер боюнча кылмыш иши козголду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:15
2026-10-29
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















