Өлкөгө айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө салынган тыюу жокко чыгарылды
Кыргызстанга айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө тыюу салуу боюнча токтом жокко чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Ага ылайык бетон блоктору, кыш, плитка, айнек, алюминий жана жез кабелдерин өлкөгө импорттоого кайрадан уруксат берилди.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган курулуш материалдарын импорттоого 6 айга чектөө киргизилген болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















