super.kg logo

Адвокат: “Кара-Кече" кенинде каза болгон айыл тургунун токмоктогон милиция кызматкерлери унаага алдын ала баңгизат салып коюшкан”

 

"2013-жылдын 1-декабрында “Кара-Кече” кенинде Чаек айылынын тургуну Айбек Мамбеталиевди токмоктоп өлтүрүп салды" деп шектелген милиция кызматкерлери унаага алдын ала баңгизат салып коюшкан. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда маалымат жыйынында адвокат Жандар Мамытбеков билдирди.

Анын айтымында, 1-декабрда Айбек Мамбеталиев унаасы менен “Кара-Кече” кенине бара жатканда аны үч милиция кызматкери токтотуп, унаанын айнегинин кара плёнкасын алып салууну талап кылышкан. Ошол учурда милиция кызматкерлеринин бири баңгизатты салонуна бекитип, андан соң Айбектин көзүнчө чыгарып “бул сага таандык” деп шек санап баштаган. Ал күнөөнү танып баштаганда милиция кызматкерлери аны токмоктоп салышкан.

“Оор ур-токмоктун кесепетинен Айбек Мамбеталиев каза болду. Медициналык экспертиза жүргүзүлгөндө эксперт “жүрөгү токтоп калды” деген туура эмес диагноз чыгарып койгон”,- деп кошумчалады адвокат.

Белгилей кетсек, Айбек Мамбеталиевдин өлүмүнө шектүү милиция кызматкерлеринин иши сотко өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
05.02.2014. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жашабагырлар.... заманы болуп калдыго.Менин байкемди да,дал ушундай жол менен сот жообуна тартып жатышат.Аныгыраак айтканда, Милициялар байкемди машинасында кетип бараткан жеринен токтотуп ур токмокко алышкан,каршылык корсотуп жаткан байкемдин чонтогуно бири банги затын салып улгургон.Уйго тинтуу жургузушкондо уйдон да банги зат табылган.Уйдун ичинен эмес,короодон табышыптыр.Ойлоп корсонуздор эгер бул байкемдин иши болгондо короого бекитмек беле?.Муну милиция соройлор оздору у
Модератор admin_superstan түзөттү 05.02.2014 15:29
05.02.2014. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адилеттик деген нерсе биротоло пулу барлар жакка кыйшайып калган.Биз алардын кулубуз.Бул окуяны жазайын деген оюм жок болчу.Жанылыгыныздарды окуп алып жаным кашайып кетти.Канча деген бей куноолордун ушинтип жаш омурун соолутушат.Ой Окмот ооооооооООООООООзунарды ачпай ушундай Калп эле аты бар МАМ кызматкерлерин деле карабайсынарбы!!!!!!!!!!?????????
Модератор admin_superstan түзөттү 05.02.2014 15:28
05.02.2014. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жорук кыргызстандагы 50% милицяларга таандык
05.02.2014. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр болушунча адам этият болуш керек например Москвада деле менттер токтотуп чонтогуну текшерип сумканды чукулап баштай электе колуну корсот деп биринчи биз алардын женин манжаларын текшерип алышыбыз керек туугандар баарыбызды курук дооматтан сактасын Кудайым
05.02.2014. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Подстава менен звания которулот да чындык жок азыр абайлаш керек кын десен эле Подстава кылаып кое берет сталиндей адам болуш керек да кыргызстанга ошондо закон эсть закон болот атак карапайым элди кыйнай беришет.билбей кыргызстан кайдале баражатат алдаса да о дуйнодо жооп берер кун бар...
05.02.2014. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз милициясына такыр ишенууго болбой калды го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: