Медакадемиядан жардыруучу зат табылган жок
Медакадемияны текшерүүнүн жыйынтыгында жардыруучу зат жана башка шектүү буюмдар табылган жок. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын имаратына жардыруучу зат коюлганы тууралуу электрондук кат түшкөн.
Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Ага кинологдор кызматтык иттери менен кошо тартылып, окуу жайдын имараты жана ага чектеш аймак текшерилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















