Садыр Жапаровго Түрк дүйнөсүнүн жогорку сыйлыгы ыйгарылды
Кечээ, 29-октябрда президент Садыр Жапаров Түркияга болгон иш сапарынын алкагында Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды.
Өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, сыйлыкты Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммитинин алкагында тапшырды. Сыйлоо чечими Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө болгон Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан мамлекеттеринин башчылары тарабынан кабыл алынды.
Садыр Жапаров бул сыйлыкты жеке эмгегинин гана эмес, кыргыз элинин түрк дүйнөсүнүн биримдигин бекемдөөгө жана боордош мамлекеттер менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымынын жогору бааланышы катары кабыл аларын белгиледи.
“Бизди жалпы көп кылымдык тарыхыбыз, бирдиктүү руханий баалуулуктарыбыз, тилдерибиздин жана маданияттарыбыздын жакындыгы бириктирип турат. Бул — биздин баа жеткис мурасыбыз жана биримдигибиз менен ынтымагыбыздын бекем пайдубалы”, - деди президент.
Ал ошондой эле сыйлоо чечимин кабыл алгандыгы үчүн ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлерине терең ыраазычылык билдирип, орден түрк дүйнөсүнүн жаркын келечегине болгон жалпы ишенимдин символу экенин белгиледи.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















