"Кыйынчылыктар пайда болду". Оштун мэри жылуулукту эрте берүүнү тапшырды (видео)
Бүгүн, 30-октябрь Ош шаарынын мэри Жанар Акаев жетекчилер менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалым болгондой, чогулушта жылуулукту берүү маселесин көтөрүп тиешелүү жетекчилерге кайрылган мэр элдин ыңгайлуулугу жана балдардын саламаттыгы биринчи орунда турушу зарыл экендигин белгиледи.
"Аба ырайынын температурасына гана карап, жылуулукту кеч берүү жарандар үчүн бир топ ыңгайсыздык жаратууда. Айрыкча жаш балдары бар үй-бүлөлөр үчүн суук үйдө жашоо оорчулук жаратат. Жылуулук берүүдө белгиленген күндү же температуранын өзгөрүшүн гана күтпөстөн, жарандардын реалдуу муктаждыгын да эске алуу зарыл. Анткени үйдүн ичи муздап, балдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн, жылуулукту эртелеткиле", - деп тапшырма берди.
Ош шаарынын мэри
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















