Адылбек Касымалиев жол тармагын каржылоо кыйла өскөнүн айтты
Акыркы жылдары жол тармагын каржылоонун көлөмү 60 миллиард сомго жетти. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына катышып жатып билдирди.
Ал мурда аталган тармакка 2 миллиард сомдун тегерегинде гана каражат бөлүнүп келгенин белгиледи.
"Кадырлуу жолчулар! Акыркы беш жылда өтө көп чоң жолдор салынды. Бул – жол куруунун масштабы кандай өскөнүн тастыктайт. Айрыкча ардактуу ардагерлер! Бүгүнкү жетишкендиктерде сиздердин да чоң эмгегиңиздер жатат. Бүгүн биз сыймыктанган жолдордун башатында сиздердин ак эмгегиңиздер, бүтүндөй өмүрүңүздөр турат.
Бүгүн дүйнөдө жеткирүү чынжырлары кайра түзүлүп, мамлекеттер дүйнөлүк рынокторго чыгуунун жаңы багыттарын ачууда. Ал эми курулуп жаткан Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунда Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн ар бир жүк өлкөбүзгө киреше, ишкерлерибизге мүмкүнчүлүк, элибизге жумуш ордун алып келерине ишенем. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!" - деп куттуктады жолчуларды өкмөт башчы өз сөзүндө.
Иш-чарада жол тармагындагы кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылып, бир катар жол объектилери онлайн ачылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















